Адвокат Нурбек Токтакунов маалымат жыйынында ЖЭБди модернизациялоодогу мыйзам бузууларга биринчи кезекте ошол убакта парламент спикери болуп турган Асылбек Жээнбековдун күнөөсү бардыгын айткан. Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде Асылбек Жээнбеков добуш берүүнүн процедурасын бузган эмес, аны жалпы парламент бузган деп эсептейт.
"Асылбек Жээнбеков мыйзам долбоорун бир убакта үч окууга добушка койгону кылмыш аракетине жатабы, же жокпу деген маселесинин айланасында талаш болуп жатат. Добуш берүүнүн процедурасы бузулду, ал туура. Бирок аны спикер эмес үч окууда добуш берген жалпы парламент бузду. Бирок бул аракет кылмыш жоопкерчилигине жатпайт. Насыя алуу ЖЭБди оңдоо иштерине зарыл болгон", - деген Алмамбет Шыкмаматов процедуралар сот, парламент жана башка мамкызматтарда көбүнесе бузулаарын белгиледи.
Ошондой эле депутаттын пикиринде ЖЭБди модернизациялоо боюнча мыйзам долбоору бир убакта үч окууда каралбаса деле бул иштин маңызы өзгөрүп кетмек эмес. Ар бир окууда өзүнчө коюлганда деле өзгөрүү болмок эмес. Мыйзам болгону эки жума кечирээк кабыл алынмак.
"Ошондуктан кайсы жагынан карабайлы, бул кылмышка жатпайт. Ушундай нерсе үчүн соттосок өлкөдө турмак дүйнөдө соттолбогон эч ким калбайт", - дейт Шыкмаматов.
Токтакунов Асылбек Жээнбеков ЖЭБди модернизациялоо боюнча мыйзам долбоорун үч окууда бир карап добуш берүүгө койгонун сынга алган.