Баткен районунун тургуну Асылбек Каримов Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалды. Ага мамлекеттик чек ара режимин бузгандыгы үчүн айып тагылган. 

 

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда Баткен облусундагы чек арачылардын өкүлдөрү тажик тарап менен жолугушуп, Асылбек Каримовду өткөрүү маселесин сүйлөшүшкөн. 

 

Тажикстандын мыйзамына ылайык кыргыз жараны айыппул төлөөгө милдеттендирилет. 

 

Мамлекеттик чек ара кызматы 26-октябрда буга дейре Тажикстандын чек арачылары тарабынан кармалган Кыргызстандын эки жаранын кайтарып алышкан. Учурда үчүнчү жаранды кайтаруу боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.