Бишкек ЖЭБи боюнча кылмыш ишинин айыпталуучулары 15 жылдан эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов маалымат жыйынында билдирди. 

 

Айтымында айыпталуучулар эгер сот айыптоо чечимин чыгарса даттанышат. Айыпталуучулар жакшы нерседен үмүт үзүшпөгөнү менен жаман кабарга  даярданышууда. 

 

"Соттордун акыйкатсыздыгы коомчулукка белгилүү. Текебаевди соттогондо көптөгөн соттор мыйзамды бузушкан. Алар эгер Сапар Исаковду ыкчам кызматкердин рапорту менен отургузуштубу, демек ушундай болуусу кажет эле деп ойлошот", - деди адвокат.