Адвокат Нурбек Токтакунов маалымат жыйынында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду саясий куугунтуктун негизинде Бишкек  ЖЭБиндеги коррупция боюнча ишке аралаштырып коюшканын билдирди. 

 

"Коомчулукта кылмыш ишинде айыпталуучулардын баарынын айыбын далилдеген далилдер бар деген ой жаралды. Бирок мен белгилей кетейин эч кандай далил жок. Бардык тобокелчиликти подрядчик алган. Келишимдин форматы мыйзам менен бекитилген, ал мыйзамды парламент кабыл алган. Депутаттар ЖЭБди модернизациялоо боюнча мыйзам долбоорун президент сурангандыктан кабыл алганбыз деп жатышат. Парламент өкмөткө ишенбеш керек эле, ал сөзсүз мыйзам долбоорун текшериши керек болчу", - деди адвокат. 

 

Ошондой эле укук коргоочу айыптын баары Асылбек Жээнбековдо экенин кыйытып, учурда парламент Асылбек Жээнбековду актап баштаганын белгиледи: 

 

"Мыйзам долбоорду биринчи окууда профилдик комитет жоопкерчилигин алат. Анын каржы-экономикалык негизин да текшерүү керек эле. Кылмыш жоопкерчилигине Асылбек Жээнбековду, Кожобек Рыспаевди, Каныбек Иманалиевди, Курманбек Дыйканбаевди тартуу керек", - деди Токтакунов.