Заманга жараша көпчүлүк адамдар эртеден-кечке жылбай отуруп иштеген жумуштар менен алектенишет. Күнү кечке отуруу, компьютерди тиктөө, автомашина айдоо дененин аз кыймыл болгон жерлерине ашыкча май чогултат. Семирүү өз кезегинде жүрөк-кан тамыр системасына жана башка жашоого маанилүү органдарга оорчулук келтирет. Ден соолукту жабыркатпаш үчүн күн сайын жумуш аралыгында жок дегенде он беш мүнөт убактыңызды өзүңүзгө бөлүңүз. Йога- жандүйнөнүн да, дененин да тең салмактуулугун сактап, терс жагдайлардан арылтат.
Тадасана омурткадагы чыңалууну басат
Тадасана, дагы бир аталышы самастхити, туура турууга үйрөтөт. Анткени, дененин өйдөңкү бөлүгүнөн тамандын гана эмес омуртканын да саламаттыгы көз каранды. Аны жасоо үчүн түз туруп, буттарды бириктирип, ичти киргизүү керек. Кол денеден алыс, баштан жогору көтөрүлөт.
Врикшасана буттун булчуңдарын тонуска келтирет
Тадасанадагыдай туруп, сол бутту бүгүп, согончокту оң санга коюңуз. Мүмкүн болушунча бекем жабыштырыңыз. Колду жогору көтөрүп, алакандарды бириктириңиз. Дем алууңузду байкап, ушундай абалда бир канча убакыт туруңуз. Андан кийин оң буттун согончогун сол санга коесуз.
Вирасана муундагы ооруну жоготот

Муундардын оорусу да отуруп иштөөнүн жыйынтыгы. Тизеңизди жерге тийгизип отуруңуз. Таманыңыз жамбашка туш келет. Колуңузду тизеңизге коюп, алаканыңызды ачып, жогору каратыңыз. Бармак менен сөөмөйдү бириктириңиз. Эми далыңызды түздөп, ушундай абалда дем алууңузду тыңшап бир топко отуруңуз. Андан кийин колуңузду жогору көтөрүп, манжаларыңызды айкалыштырып, алаканыңызды жогору каратыңыз. Ар бир дем алган сайын шыпты көздөй умтулуңуз.