Эгер, ак түстөгү оокаттар саргайып кеткен болсо – кир самын менен көбүртө жууп, самын бойдон жылтырак баштыкка салып, бир күн коюп коюңуз. Эртеси, суу менен чайкап, аппак болгонун көрөсүз.
Шам жагаарда, күйгүзө турган жиптин узундугу – 6 мм болуу керек. Ошондо, шам жарык болуп күйөт.
Пияз аарчыганда, көзүмдөн жаш акпасын десеңиз, аарчырдан мурун, муздаткычтын тоңдурган бөлүмүнө 2-3 мүнөткө сала туруңуз. Бирок, унутуп калбаңыз, пияз үшүп кетет.
Кийимде калган майдын тактарына идиш жууган каражаттан шыбап, 15 мүнөткө кое туруп, андан соң айна менен жуусаңыз, так калбайт.
Балдардын оюнчугун чаңдан арылтуу үчүн тузду колдонсоңуз болот. Оюнчуктар бата тургандай баштыкка оюнчуктарды жана тузду салып, оозун бекитип, жакшылап 10 мүнөтчө силкилдетебиз. Баштыктан оюнчуктарды чыгарып, щетка менен тазалап алыңыз.
Кадимки кара мурчту кичине баштыкка салып, шырдактардын, жууркандардын арасына салсаңыз – күбө жолобойт.
Кокусунан идиш-аяк сындырып алсаңыз, айнектин майдаланган калдыктарын скотчтун жардамы менен чогултуп алууга болот.
Бут кийим боолорунун учтары жанып кеткенде учтарын тыкандык менен скочтоп алсаңыз, боолорду тешиктерге киргизгенге ыңгайлуу болот.
Дубалга бир нерсе илээрде, тиш пастасынан артына шыбап, дубалга түстөп коесуз. Пастанын изи калган жерге атайын бекиткич же мык менен кага берсеңиз, жаңылбайсыз.
Сууга бышкан жумуртка оңой аарчылсын десеңиз, кайнап жаткан учурда бир кесим лимон кошуп, дагы 1-2 мүнөт кайнатуу керек.