Парламент депутаттары тарабынан мыйзам долбоору даярдалып, анда шайлоо барьерин 9 пайыздан 5 пайызга азайтуу сунушталган. Депутат Мирлан Жээнчороевдин маалыматына караганда ошондой эле депутаттар шайлоо күрөөсүн да бир миллион сом кылууну демилгелеп жатышат.
Учурда бул документ конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүп, соттук-укуктук маселелер жана регламент комитетинин кароосуна коюлган.
Демилгечилер Кыргызстандын шайлоо мыйзамындагы 9 пайыз өтүү барьерин жана 5 миллион сом шайлоо күрөөсүн өзгөртүүнү каалашат.
Депутат Жээнчороевдин айтымында шайлоонун пропорционалдуу түзүмү парламентке ар кандай саясий күчтөрдүн, калктын ар кайсы катмарынын кызыкчылыгын коргоочу тараптардын келишин шарттайт. Ал эми 9 пайыз барьер парламентке ар кандай саясий күчтөрдүн тең салмактуу келишине тоскоолдук жаратат жана жарандардын конституциялык укугун тебелейт.