Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров мурдагы министр Молдомуса Конгантиевдин ысымы көчөгө берилгенине нааразы болуп митингге чыкты. Ал көчөгө ысым ыйгаргандардын аны Конгантиевдин ысымы менен атаганга моралдык укугу жок болчу деп эсептейт. Ал мурдагы министрдин кайсы эмгеги үчүн көчөгө аты берилгенин түшүндүрүп берүүнү талап кылды. 

 

Эске салсак "Алтын-Ордо" жаңы конушундагы көчөлөрдүн бири мурдагы министр Конгантиевдин атына коюлганы буга дейре белгилүү болгон. Ал район "Полиция шаарчасы" деп аталып ИИМдин маркум генералдары Жусуп Акматов, Темиркан Субанов, Чыныбек Алиевдердин да ысымы берилген.