Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары тарабынан алименттин өлчөмүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору сунушталууда. Учурда мыйзам долбоору 1-окуудан өттү.
Демилгечилердин айтымына караганда сот алимент төлөтүүгө чечим чыгарса да айрым аталар төлөгөндөн качышат. Ошондуктан алар бул долбоор менен эне менен баланы коргоону жана алименттен качкан аталарды эпке келтирүүнү максат кылышкан.
Мыйзам долбоордо алименттин эң төмөнкү суммасын 1800 сом кылуу каралган.
Учурда 2731 адам алимент төлөөдөн качып жүрөт.