Оштогу мейманканалардын биринин алдынан табылган 5 айлык ымыркай боюнча иликтөө иштери кылмыш белгилери табылбагандыктан токтотулду. Укук коргоо кызматынын маалыматына караганда, баладан атасы баш тарткан, ал эми энеси андан өч алуу үчүн баланы мейманкананын алдына таштап койгон. 

 

Ички иштер бөлүмүнө ымыркайдын табылганы тууралуу кабар 15-октябрда түнкү саат 11лер чамасында жеткен. Ыкчам-тергөө тобу айтылган жерге барып, баланын апасы 1986-жылы туулган С. Г. эненин аныктаган. Ал Өзгөн районунун тургуну. 

 

Эненин айтымында ал 1994-жылы туулган А. уулу К. аттуу жарандан уулдуу болгон. Бирок ата баладан баш тарткан. Ал эми аял эркекти коркутуп коюу максатында баласын мейманкананын алдына таштаган. 

 

Өзү айткандай баланы таштап коюп 30-40 метр аралыкка барып байкап турган. Баланы Тез жардам унаасы менен алып кетишкенде артынан келген. А. уулу К. менен жарандык никеде жашаган, бирок бала төрөлгөндөн кийин эркек бала меники эмес дей баштаган. 

 

Мейманкананын кызматкеринин айтымында бала 20.45те табылган. Кызматкерге сырттан бир жигит келип эшиктин алдында төшөктө ымыркай жатканын кабарлаган. Аны дароо ичкериге алып киришип, милицияга кабар беришкен. Баланын дене температурасы көтөрүлгөнүнөн шектенишкендиктен Тез жардам чакырышкан.