Бүгүн 28-октябрда Ош эл аралык абамайданына биринчи жолу Кувейттен келген учак конду. Бул тууралуу аталган абамайдандан билдиришти.
Маалыматка караганда бул каттам эки өлкөнүн жарандарынын каттамын гана ишке ашырбастан Азия менен Европанын транзиттик жүргүнчү ташуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Алгачкы каттам салтка айлангандай суу аркасы менен тосулуп алынды.
Кувейтке карай кетчү каттамга бул жолу 139 жүргүнчү катталган. Каттам бир жумада эки жолу дүйшөмбү жана шаршембиде болуп тураары айтылды.