Атамбаевдин уулу Кадыр ушул жылы аспирантурага тапшыраары айтылып жүргөн. Ал октябрдын башында Москва шаарына кеткенин КСДП партиясындагылар аспирантурага тапшыруу маселесине байланыштырышкан. Жакында Кыргызстанга кайтып келгени да белгилүү болгон.
КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков Кадыр Атамбаевдин дагы деле аспирантура үчүн жогорку окуу жайды тандай электигин билдирди. Айтымында мурдагы президенттин уулуна Россиянын эң мыкты делген үч окуу жайынан сунуш келген. Бирок Кадыр Атамбаев азырынча бирөөсүнө токтоло элек. Ошондой эле немец канцлери Ангела Меркель да ага Германиядагы окуу жайлардын биринен окуусун улантуусун сунуштаган.