Кыргызстанда ун эки эсеге кымбаттаган жок. Бул тууралуу  өкмөттөн билдиришти. 

 

Анда айтылгандай өлкөдө акыркы жылы 1-сорттогу ун орточо эсеп менен 18,4 пайызга, ал эми 2-сорт 14,8 пайызга кымбаттаган. 

 

Ошондо 2018-жылдын 1-октябрында 1-сорттогу ун орточо эсеп менен 23,7 см болсо, бул жылдын октябрында 28, 1 сомго жетти. 

  

Эске салсак депутат Айнуру Алтыбаева ун эки эсеге кымбаттаганын айтып чыккан.