Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча ачылган кылмыш ишинин негизиндеги сот процессине эки башка күбө чакырылбай жатат. Бул тууралуу адвокат Бакытбек Жумашев билдирди. 

 

Айтымында процесске айыпталуучулар Жолдошбек Назаров, Ольга Лаврова жана Осмонбек Артыкбаев келишти. Бирок сот күбөлөр Асанова менен Хафизовго карата мажбурлап сотко алып келүү чечимин аткарбай жатканына айыпталуучулар нааразы. 

 

Ал эми айыпталуучулар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана  Айбек Калиев сот имаратына мажбураланып алынып келингени менен сот залына баргандан баш тартышкан. Алар тергөө-камак бөлмөсүнөн соттун күбөлөрдү алып келүү чечими аткарылмайынча чыгышпай турган болушту. 

 

"Сот учурда процессти айыпталуучуларсыз өткөрө береби же жокпу чечкенге кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти", - дейт адвокат.