Жалал-Абадда 25 жаштагы Д.А. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда жаран Кыргызстандын атуулу. Ал 2015-жылы эл аралык террористтик уюмдун атайын даярдыгынан өткөн. 

 

Ал башчыларынын тапшырмасы менен Кыргызстанга диверсиялык-террористтик акцияларды жүргүзүү боюнча келгени аныкталган. 

 

Ал 2016-жылдан бери Кыргызстанда издөөдө жүргөн. Учурда Жалал-Абадда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.