Ушул эс алуу күндөрүндө мэр Азиз Суракматов шаардын ар бир районунун кышка даярдыгын текшерди жана шаардыктар менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. 

 

Маалыматка караганда мэр шаардыктар, бала бакчалардын жана мектептердин директорлору менен жолугушуп, класс, группа жана имараттын ичиндеги абанын градусун аныктады, ошондой эле суук болушу мүмкүн делген дарылоо мекемелеринен да кабар алынды. 

 

 Мэр вице-мэр Мирлан Амантуровго шаардыктардын үйүнө жылуулук бере баштоо боюнча көрсөтмө берди. Көрсөтмөгө жакынкы күндөрдө кол коюлат.  

 

Мындан улам мэрия шаар тургундарынан суук мезгилге даярдыкты баштоону суранат: жогорку кабаттардагы Маевской кранын орнотуу же алмаштыруу керек; иштебеген смемителдерди оңдоо ж.б. жылуулуктун толук кандуу өтүүсүнө өбөлгө болчу иштерди жасоо зарыл. Ошондой эле терезелерди жылуулап, сыртка чыкчу эшикти бекемдөө керек. 

 

Жылуулук боюнча бардык суроолор үчүн  (0312) 21-28-47, (0312) 212844 телефондоруна,  WhatsApp-каналга: 0500 287070 номери боюнча кайрылса болот.