Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду сотко мажбурлап алып келишкенин адвокаты Замир Жоошев билдирди.
Айтымында бирок Сапар Исаков жана башка кылмыш иши боюнча айыпталуучулар желдеттердин бөлмөсүнөн сот залына чыгуудан баш тартышууда.
Адвокат мажбурлап сотко алып келүүнү ЖАМК кызматкерлери жасаганын белгиледи.
"Бул мыйзамга каршы келет. Айыпталуучулар желдеттердин бөлмөсүнөн сотко күбөлөр Хафизов менен Асановду алып келмейин чыкпайбыз деп жатышат", - деди Жоошев.