19-27-сентябрда Сараеводо болгон дүйнөлүк чемпионатта кыргыз спортчу Авазбек Аманбеков кикбоксинг боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону болду. Кыргызстандан барган курама команданын башкы тренери Тахир Марасуловдун айтымына караганда медалдар үч бөлүмдө -  «лайт контакт», «лоу кик» жана  «К1» - күч сынашкан. Аманбеков «лоу кик» бөлүмүндө 57 кг салмак категориясында таймашкан. Ал палестиналык, АКШлык, мавританиялык спортчуларды жеңген. Финалда Түркиядан келген спортчу Мухаммед Саит Онсулду утуп алган. 

 

Белгилей кетсек Авазбек Аманбеков 2013-жылы болгон дүйнөлүк чемпионатта алтын медаль алган.