Ысык- Көлдө Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков катышкан жол кырсыгы боюнча эксперттер корутунду чыгарышты. Облустук ИИБдин маалыматына караганда анда депутат отурган автоунаа айыптуу деп табылган.
Маалыматка караганда Жип үлгүсүндөгү автоунаа саатына 100 км.дан ашык ылдамдык менен жүргөн. Токтотууга үлгүрбөй Lexus үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп барып токтогон.
Учурда жол кырсыгына айыптуу Жип автоунаасынын айдоочусу үй камагына алынган. Тергөө уланууда.
Эске салсак Бактуу -Долоноту айылында 7-июлда жол кырсыгы орун алган. Эки автоунаанын кагшканынан төрт адам каза тапкан. Алардын баары Lexus автоунаасынын жүргүнчүлөрү болгон. Жол кырсыгынын катышуучуларынын арасында депутат Алиярбек Абжалиевдин уулу менен шаардык кеңештин депутаты Темирлан Токобеков болгон.