Кыргызстанда унга болгон баа эки эсе өстү. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева КСДПнын жыйынында билдирди.
Ал Монополияга каршы Мамлекеттик агенттиги бул боюнча тийиштүү чара көрбөй жатканын сынга алды.
"Ундун бир килограммы 100 сом болсо деле унчукпай отура бересиңерби?" - деди депутат.
Аталган мамлекеттик агенттиктин өкүлүнүн айтымында унга болгон баа эркин, аны өндүрүшчүлөр, импортерлор өздөрү коет. Ал мисал келтиргендей Жалал-Абад облусунда ундун баасы 17 пайызга көтөрүлгөн, жалпы түштүктө бир мүшөк ун 200 сом турат.