Кой-Таштагы 7-8-августта орун алган окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссия корутундусун 1-ноябрга чейин чыгарышы керек. Бирок айрым мүчөлөрүнүн айтымында маселе абдан талаш жаратууда, комиссиянын мүчөлөрүнүн пикири бириге элек, ал эми корутунду кабыл алынуусу үчүн баарынын колу коюлушу керек.
Ошондой эле комиссиянын корутундусу коомчулукка ачык жарыяланааы айтылды. Анда айрым гана жашыруун документтерге байланышкан сырлар жашыруун сакталат. Мисалы андай документтерди комиссия мүчөлөрү ачыкка чыгарбоо тил катына кол коюп беришип УКМКдан алышкан.
Эске салсак комиссия Жогорку Кеңештин 8-августтагы токтомунун негизинде түзүлгөн.