КСДП фракциясынын жыйынында депутаттар Транспорт жана коммуникация министрлигинин ишине нааразы болушту. Алардын айтымында министрликтин шалаакылыгынан улам Бишкек-Ош унаа жолунун акыркы чакырымы курулуп бүтө элек.
Анда айтылгандай жолду куруу иштери каражаттын жетишсиздигинен токтолгону айтылган. Бирок Еразиялык фонд менен сүйлөшүүлөрдөн кийин каражат которулуп баштаган. Аталган министрлик канча каражат келгенин айтуудан баш тартты.
Андан тышкары 55 даана техника да келген. Депутат Айнура Осмонова министрликтин бул кылганын жоопкерчиликсиз деп баалады. Жол стратегиялык болгондуктан анын оңдолушун эл бир жылдан бери күтүп жатканын белгиледи. Ишти бүтүрө албай жатып асфальтты да алып салышканына нааразы болду.
Ал эми министрлик бул жылы жол оңдоо иштери пландан ашык аткарылганын, 320 чакырым жол оңдолгонун билдирди.