Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы “Баткен жана Талас облустарын суу менен камсыз кылууну жана санитарияны жакшыртуу” долбоору боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, дароо эле экинчи жана ү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Таза суу менен камсыздоо департаментинин маалыматына караганда, келишимге ылайык, Баткен жана Талас облустарынын айылдарын таза суу менен камсыз кылуу максатында 20 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя берүүгө даяр. Насыя 30 жылдык мөөнөткө 1 пайыз үстөгү менен берилмекчи.
Эгерде долбоор ишке ашырылса, эки облустун 146 миӊ адам жашаган 135 айыл таза суу менен камсыз болот. Ал үчүн кыргыз тарап да 10 млн доллар өлчөмүндө каражат кошууга тийиш. Бул долбоор ратификацияланар замат башталып, анын аткаруу мөөнөтү – 4,5 жыл.
Депутаттардын пикиринде, баарыдан мурда таза суу булактарынын тазалыгын сактоо зарыл. Таза суу менен камсыздоо департаменти адегенде агын суулардын айланасын тазалап, суу жээгинде эс алган адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керек. Ошондо айыл таза суу менен камсыздалды, санитардык абал жакшырду деп айтса болот.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда таза суусу жок 654 айыл бар. Быйыл 44 айылга суу жеткирилет. 2024-жылга чейин өлкө аймагындагы баардык айылдар таза суу менен камсыз болот.