Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында орун алган окуялар боюнча Элдик курултайдын туруктуу аткаруу комитетинин чечими менен Коомдук комиссия түзүлүп, иштеп жаткандыгын буга чейин жазган болчубуз. Буга чейин Коомдук комиссия эксперттердин, саясатчылардын катышуусунда жыйындарды өткөзгөн. А эртең болсо Кой-Таштагы окуялар боюнча иш алып барган адвокаттардын катышуусунда кызуу талкуу болот.
Элдик курултай мындан бир жыл мурда, 2018-жылы өз жыйынында Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө укуктук, саясий баа берүү зарылдыгын айтып чыккан. Анын өлкө башчысы катары кесепеттүү иш алып баруусун иликтеп чыгуу талабын быйыл жазында өткөн курултайда да айтып, талап кылышкан.
“Биздин кайрылууга бир гана президенттик аппарат реакция жасады. Өкмөт, парламент, укук коргоо органдарынан дымактуу иш болгон жок. Эгерде бийлик өз учурунда биздин кайрылууларды угуп, жыйынтык чыгарганда, Кой-Таштагы каргаша болмок эмес. Ошондуктан, элдин талабын укпаган бийлик органдарынын да бул жерде кемчилик кетиргенин айтып кетпесек, адилеттүүлүк болбой калат”, - деп билдирген анда Элдик курултай.
Эске салсак 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяга азырынча юридикалык баа бериле элек. Мурдагы президент Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүүнү көздөгөн операция куралдуу каршылыкка туш болгон. ИИМдин атайын бөлүгүнүн жоокерлери барымтага алынышып, укук коргоо кызматкери көз жумган. Мындан улам Атамбаев күбөдөн айыпталуучуга айланып, бир катар оор беренелерге айыпталган. Сот аны 26-октябрга чейин абакта калтыруу чечимин кабыл алгандыктан учурда УКМКнын абагында кармалууда.