Атамбаев УКМКнын абагындагы камерасынан чыкпай, Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагындагы соттук угууларга келбей койгон. Эми ал 15-ноябрга белгиленген ушул кылмыш иш боюнча сот процессине да келүүдөн баш тартууда. 

 

Анын адвокаты Замир Жоошевдин айтымында Атамбаев сот процесстерине келбейт. Бул мыйзам жагынан баш катырманы жаратат. Кылмыш ишинин фигуранты жок сот процесси өтүшү мүмкүн эмес. Ошол эле убакта Атамбаевди мажбурлап эч ким процесске алып келе албайт. Анткени мындай милдетке ээ сот аткаруучуларына УКМКнын абагына киргенге болбойт. Ал эми ЖАМКнын желдеттерине мыйзамда мажбурлап алып келүү жүктөлгөн эмес. 

 

Кыскасы Атамбаевдин кезектеги "шоу" алдыда күтүлүүдө.