Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата жер-жерлерде ар түрдүү алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. 16-18-октябрь күндөрү Ала-Бука РИИБнин демилгеси менен 8 айыл аймактын мектептеринде “рекетчиликке жана зомбулукка каршы” аттуу иш планы түзүлүп, түшүндүрүү иштери алып барылды.
Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда бул иш-чарага жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, райондук прокуратура, билим берүү, балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү жана айыл башчылар катышышты. Милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын ар кандай кылмыштардан алыс болуп, мыкты билим алууга чакырышты. Ошондой эле жаштар арасындагы рекетчиликтин алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.