ИИМ жетекчисинин орун басары Памир Асанов 16-октябрда 55 жашка толду. Мындан улам айрым маалымат каражаттары мыйзам боюнча ички иштер жаатындагы кызматкерлер 55 жаштан кийин отставкага кетирилээрин белгилеген, Памир Асанов кызматта эмнеге кармалууда деген суроо узатышкан. Бул боюнча ИИМ мындай түшүндүрмө берди:
"Соттук-укуктук реформанын алкагында жана 2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы жазык мыйзамдары ишке киргенине байланыштуу жаңы процесстик талаптар пайда болуп, тергөө бөлүмдөрү менен алгачкы тергөөгө чейинки кызматкерлердин ролу жана жоопкерчилиги жогорулаган. Ушуга байланыштуу республиканын ИИОнун бардык аймактык бөлүмдөрүн координациялоо максатында ИИОнун сотко чейинки өндүрүш боюнча башчысынын орун басары кызматы киргизилген.
Азыркы убакта, жаңы жазык мыйзамдарын мындан ары дагы ишке ашыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, кодекстерге тиешелүү өзгөртүүлөр менен кошумчалар киргизилип, кызматкерлер окутулууда. Бул багытта министрликтин ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн министрдин орун басарларынын бирине милициянын полковниги Памирбек Асанов дайындалган. Ал ички иштер министринин орун басары кызматына дайындалгандан мурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы кызматында иштеп келген. Ал эми, андан мурда ар кандай жетектөөчүлүк кызматтарды аркалап, тергөө багыты боюнча мол тажрыйбага ээ болгон милиция кызматкери экендиги да эске алынган.
2019-жылдын 16-октябрында ички иштер министринин орун басары Памир Асанов 55 жашка чыкты.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Мыйзамдын 7-2-беренесине ылайык, орто жана ага жетектөөчүлүк курамдын атайын наамы бар ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарында кызматын өтөй алышат жана 55 жаш курагында отставкага бошотулат. Тактап айтканда, азыркы мыйзамга ылайык туулган күнүндө жумуштан кетирүү деген так талап жок. Азыркы учурда жаш курагынын чегине жеткендиги боюнча кызматкерлерди кызматтан бошотуу, алардын берген билдирмесинин (рапорт) негизинде ишке ашат.
Тактап айта турган маселе, "Кыргыз Республикасынын Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2020-жылдын 3-февралынан баштап күчүнө кире турган 85-беренесинин 1-бөлүмүндө кызматкерлердин 55 жашка чыгышы боюнча отставкага кетирүүнүн нормалары каралган".