Депутат Аида Исмаилованын айтымында Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар жана медициналык факультеттер чет элдик студенттерден жылына 120-150 миӊ сом кортракттык төлөм алышат. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы (КММА) быйыл 95 чет элдик студент кабыл алган. Кыргыз-Орус славян университетинин медициналык факультети болсо КММАдан 3 эсе көп студент кабыл алып, бирок мамлекеттик медициналык академия төлөгөн салыктай эле салык төлөгөн. Ал эми Кыргызстан эл аралык университети болсо 445 чет элдик кабыл алып, мамлекетке болгон 1,8 млн сом салык төлөгөн.
Бул тууралуу депутат парламент жыйынында билдирди.
"Республикалык бюджетте тартыштык бар дегенибиз менен, жогорудагыдай мыйзамдуу салыктарыбызды чогулта албай жатабыз. Окуу жайлардагы ушул сыяктуу көрүнүштөргө тыкыр көзөмөл жүргүзүп, мамлекетке канча салык төлөп жатышкандыктарын аныктоо керек", - деди депутат.