Депутат Жылдыз Мусабекова тоолуу аймактардын калкынын жашоо-турмушуна тынчсызданды.
"3 күн мурун Нарын облусуна кар жаады. Эл эчак эле от жагып жатышат, анткени суук. Мындай абал бийик тоолуу Чаткал, Ала-Бука райондорунда дагы болуп жатат", - деди Ж.Мусабекова.
Ал мындай катаал климатта жашаган элдин шартын жакшылап түшүнүп, мамлекет тарабынан колдоого алынышы керектигин баса белгиледи.
Ошону менен катар ал Өкмөттү кышы катаал райондордун тургундары үчүн от жагуу маалында электр кубаты боюнча 77 тыйындан төлөнүүүчү 1000 кВттык жеӊилдикти 2000 кВтка чейин көтөрүүгө чакырды.