Жалал-Абад аймагындагы «Дашман» коругунда жергиликтүү тургундардын жаңгактарды терип сатуудан башка кирешеси жок. Бирок аларга жаңгак терүүсүнө тыюу салынган. Мындан улам эл кыйынчылыкка кабылууда. 

 

Бул тууралуу депутат Сайдулла Нышанов парламент жыйынында билдирди. 

 

" Ал жерде жашаган жарандардын акыбалы кыйын, жаңгактан башка башка жарытылуу кирешеси деле жок. Ал маселени мурда эле көтөрдүм эле, азыркыга чейин чечилген жок. Кыш кирип калды, элдин экономикалык жана социалдык жагдайы жакшы эмес. Алар нааразы болуп турат.  Өкмөт жок дегенде 10 күн жаңгак терүүгө уруксат берүү маселесин чечип бериши зарыл", - деди депутат.