Депутат Марлен Маматалиев мамлекеттик маанидеги иш-чараларды тиешелүү деӊгээлде өткөрүү зарылдыгын парламент жыйынында белгиледи.

 

Депутат Марлен Маматалиев КР мамлекеттик жана коомдук ишмерлери боюнча маарекелик иш-чараларды өткөрүү боюнча Өкмөттүн тиешелүү токтомуна токтолду. 2015-жылда кабыл алынган Өкмөттүн токтомуна ылайык, мамлекеттик жана саясый ишмер Алымбек Датканын 215 жылдыгы белгиленмек. Бирок шайлоолорго байланыштуу бул иш-чара белгисиз мөөнөткө жылдырылган. Эми ноябрь айында өткөрүү белгиленип, мамлекеттик деӊгээлден райондук деӊгээлге түшүп калды.

 

Марлен Маматалиев маарекелик иш-чараларды өткөрүүнүн мааниси той-топур менен чектелбестигин, анын башкы максаты кийинки муундарга мамлекеттүүлүктүн түптөлүшүнө жана калыптанышына салымы зор болгон инсандарды таанытуу экенин баса белгиледи.

 

Эл өкүлү Алымбек Датканын 220 жылдыгына арналган маарекелик иш-чараларды өз деӊгээлинде келерик жылдын жаз мезгилинде өткөрүүнү Өкмөткө сунуш кылды.