Арстан Алай маселеси депутат Тазабек Икрамовду да тынчсыздандыруу. Ал парламент жыйынында жасалма Кудайдын маселесине чекит коюу керектигин билдирди.
"Кайдагы эле бир адам маалымат жыйынын өткөрүп өзүн Кудай деп жарыялады. А муфтият мындай билдирүүгө эч кандай жооп кайтарбады. Башка Кудай жок, Кудай деген мына мен деген адамдын оозун карап баарыбыз унчукпай отурабыз. Бул эмне дегендик?!" - деди депутат.
Ал муфтияттан Арстан Алайга карата тийиштүү чара көрүүнү талап кылды.