Жакында ишкерди уурдап өлтүргөн кылмыштын бети ачылды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, аны «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында орнотулган видеокамералардын жардамы менен ачылган. Бул тууралуу депутат Бакирдин Субанбеков Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

 

Ал бул долбоор жол коопсуздугун эле сактабастан, кылмыштарды ачууга көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи. 

 

«Коопсуз шаар» долбоорунун 2-фазасын ишке ашырууда видеокамераларды жол коопсуздугун сактоого гана ылайыктабастан, жалпы коомчулуктун коопсуздугун да эске алуу менен орнотуу зарыл. Ошондо көптөгөн кылмыштардын бети ачылат деген ойдомун», - деди депутат.

 

Эске салсак "Мадина" кафесинин ээсинин сөөгү Кочкор айылынын четинен табылган. Аны уурдап барып өлтүрүп, машинесин башка түскө боеп Кыргызстандан чыгарып кетүүгө камынган шектүүлөр колго түшкөн.