Президент менен премьер-министрдин жумушчу иш сапарынын алкагында өтүп жаткан жергиликтүү калк менен жолугушууларында көптөгөн көйгөйлүү маселелер көтөрүлөт. Бирок айтылган сөз айтылган бойдон, берилген убада ошо бойдон унутта калат. Бул тууралуу депутат Калдарбек Баймуратов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.
Айтымында Өкмөт ошондой маселелерди эстен чыгарбай, кылдат иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрүшү керек.
«Мисалы, президент Көк-Жаңгак шаарына барганда жергиликтүү тургундар жедеп эскирип калган маданият үйүн оңдоп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Тилекке каршы, ал өтүнүч азыркыга чейин аткарылган жок. Мында көп жылдар мурда курулган ал имараттын архитектуралык баалуулугу бар. Өкмөт муну эске алышы керек», - деди депутат.