Компьютердик оюндар социалдык социалдык көйгөйгө айланууда дейт депутат Орозбек Алыбаев. Ал бул тууралуу парламент жыйынында билдирди. 

 

"Көптөгөн жаш балдар мектепке барбай, компьютердик борборлордон чыкпай калды. Ата-энелер ошондой борборлорго тийиштүү чараларды көрүү өтүнүчү менен кайрылып жатат. Өкмөт дагы, жалпы коомчулук дагы муну эске алышы керек", - деди ал. 

 

«Компьютердик оюндарга балдар эле эмес, чоң адамдар да азыргылууда. Андай борборлорду жаба албасак дагы, аларды калк арасында рекламалоого тыюуу салуу зарыл. Аларды азыртан андай азгырыктан арылтпасак, жаш муунду бузуп алабыз», - деп кошумчалады депутат.