Арстан Алайдын тарапташтары да өздөрүн Кудай аташып, укук коргоо кызматтарынан кылмыш ишин козгоону талап кылышты. Бул тууралуу маалымат жыйынында айтылды. 

 

Эске салсак Арстан Алайга өзүн жаңы Кудай деп атаганы жана башка бир катар билдирүүлөрү үчүн кылмыш иши козголгон болчу. 

 

Тарапташтары кыргыз элинин табияты Кудай экенин, Кудай деген материя эмес, энергия экенин белгилешти. Алар Абдылдаевдин "бийлик дүйнөгө кыргыз элин даңазалай албайт, адамзатты коргой албайт" дегени үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылды деп эсептешет. 

 

"Мына, биз да Кудайбыз. Өзүбүздү Кудай деп жарыяладык. Эми бизге да кылмыш ишин козгошсун. Козгошпосо эртең Биринчи май райондук ИИБине барып талап кылабыз", - дешти "кудайлар".