Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан көк бөрү оюнун Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов «Жаштар ынтымагы» коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурган. «Жаштар ынтымагы» бирикмеси мындан 14 жыл мурун мына ушул Киров районунун Бактыбек Райымкулов башында турган жаштары тарабынан түзүлгөн. Мына ошондон тартып көк бөрү оюнун жыл сайын өткөрүү салтка айланып калган. Адегенде айылда, анан айылдар арасында өткөрүлүп келген бул улуттук оюн, барган сайын масштабы кеңейип, рсепубликалык деңгээлге өсүп жетти. Быйыл Чүй облусунун райондорунан тышкары, Ысык-Көл, Талас облусунун улакчылары да келип катышты.

 

Бул жылы улак тартуу үч бөлүк менен жүргүзүлдү. 40 жаштан жогоркулар, жаштар улакты тай казандарга тартышса, улакчылардын дагы бир бөлүгү мурдагы эски эреже менен тартышты. Бардыгы 65 команда катышты. Эл депутаты Бактыбек Райымкулов жана анын колдоочулары тарабынан 3 автомашина, акчалай байгелер коюлду. Мындан тышкары улактын күйөрмандары тарабынан да бир нече тай байге фондусун толтурду. Мыкты оюн көрсөткөн командалар машина минип, медаль тагынып, тай жетелеп ыраазы болуп кетишти.

 

Эки күнгө созулган улак тартуу, улуттук оюндарга кызыккан миңдеген адамдардын башын бириктирди. Киров айылындагы көк бөрү оюну ынтымак менен биримдикти даңазалаган иш чара болуп калды.

 

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов баштаган расмий адамдар, айыл аксакалдары курулушу башталган спорт комплексинин пайдубалын түптөөгө катышып, жакшы тилектер жазылган капсула салышты. Эл депутаты бул дагы регионду өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын бири экендигин белгиледи. Бул жалпы наркы 24 млн сомдук, бардык шарттары бар спорт комплекси болуп калмакчы. Буга чейин Киров айылында мындай спорттук комплекс болгон эмес экен.