23-октябрда Кыргызстанда Ак илбирстин эл аралык күнү белгиленет. Бул иш чара дүйнө жүзүн камтыган. Бул тууралуу иш чаранын уюштуруучулары билдиришти.
Маалыматка караганда Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча 1- эл аралык форум 2013-жылы өткөн. Ошондон бери ар кандай иш чаралар жыл сайын уюштурулат.
Ак илбирс Кызыл китепке киргизилген жана расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда болжол менен 324 ак илбирс бар.
Ак илбирске аңчылык кылгандарга 1,5 миллион сом айыппул салынат.