Кыргызстанда кен байлыктарын иштетүүгө 2 миң 415тен ашуун лицензия берилген. Алардын басымдуу бөлүгү кытайлык инвесторлорго таандык. Бул тууралуу энергетика, өнөр-жай жана кен байлыктарын иштетүү Мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Карыбек Ибраев билдирди.
“400дөн ашуун лицензия алтын иштетүүгө, чалгындоого же иликтөөгө берилген, 102 – башка металлдарды чалгындоого. Лицензиялардын басымдуу бөлүгү кытай инвесторлоруна берилген”, - деди ал.
Ал белгилегендей Кыргызстандын аймагында 2500 алтын кени бар.