Кыргызстандагы ишкерлер 2020-жылдын январынан тартып жаңы бажы тарифи боюнча кандай товардык позиция киргизилерин билишпейт. Бул тууралуу депутат Бакыт Төрөбаев парламент жыйынында билдирди. 

 

Айтымында келерки жылы ишкерлер ишсиз калышы да мүмкүн. 2019-жылдын январь айында беш Кодекс менен эки мыйзам күчүнө кирген. Андагы айыптар элдин нааразычылыгын жаратып, айрымдар ал турмак каршылык иретинде Акүйдүн дарбазасына жаба түкүргөн. 

 

"Келерки жылы 166 товардык позиция жаңы бажы тарифи боюнча киргизиле баштайт. Кайсы экенин эл ачык билбейт. Биздеги ишкерлер Кытай, Түркия менен иштешет. Алар алдыда эмне күтүп турганын билишпейт", - деген депутат бул маселени күн тартибине киргизип өкмөттөн маалымат берүүнү талап кылуу керек деп эсептейт.