Кыргызстанда кримдүйнө башын бийик көтөрдү. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламент жыйынында билдирди. 

 

Айтымында ИИМ бул маселеде алсыздыгын көрсөтүп жатат. Өкмөттүн да дарамети чектелүү болууда. Депутат жакында киши колдуу болуп каза тапкан ишкер Хузур Абдырехмандын өлүмү башка ишкерлерге да урулган сокку деп эсептейт. 

 

"Кыргызстандан ишкерлер чыгып кетишүүдө. Мына ушундай жагдайлардан улам алар бул өлкөнү коопсуз деп эсептешпей калышты. Орто да, ири да бизнестер чыгарылды. Жарым жылда Кыргызстандан 247 миллион чыгарылган", - деди депутат. 

 

Айтымында ИИМ реформа жасоого акча каражаты жетишпестигин шылтоологон. Бирок кримтөбөлдөрү, кылмышкерлери эркиндикте жүргөнүнө кандай шылтоо айтууга болот? 

 

"Макул реформага акча керек экен. Бирок кримтөбөлдөрүн кармаганга акча керектелбейт го", - деди Акаев.