Төрт кыз Арстанбек Абдылдаевди колдоп Акүй алдына митингге чыгышты. Кыздардын биринин билдиргенине караганда милиция аларга коомдук тартипти бузганы үчүн үч миң сом айыппул салган. Мындан улам кыздар сотко арыз жазышкан. Алар милициянын салган айыбын мыйзамсыз деп табууну соттон өтүнүшкөн. 

 

Бирини май райондук соту арызды кароону бүгүнкүгө белгилеген. Бирок айрым себептерден улам кароо 27-октябрга жылдырылды. 

 

 Эске салсак Арстан Абдылдаевге  өзүн Кудай деп атаган сөздөрү үчүн кылмыш иши козголгон.