Алар прокуратура органдары тоо-кен компаниясы боюнча болуп жаткан процесстерге кийлигишип жатканы жөнүндө айтып беришти.

 

Жыйынды алгач Эсенжан Мусурманкулов баштап, ал Максим Бакиевдин командасы алардын компаниясынын лицензиясын баскынчылык жол менен тартып алгандан бери эле аны кайтарып ала албай жабыркап келатканын баса белгиледи.

 

Биз мурда да кен маселе боюнча эки-үч ай мурунда кенен маалымат бергенбиз. Бүгүн сот процесси кандай жүрұп жатканы боюнча маалымат берип коелу дедик. Учурда соттук териштирүү нормалдуу эле жүрүүдө, бирок, тоскоолдуктар болууда. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2008-жылы Максим Бакиевдин командасы 10-февралда Ак-Түз алтын чыгаруучу фабриканы Дмитрий Босов басып алган. Революция болгондон кийин, биз фабриканы басып алгандарды сотко бергенбиз, анда бийлик башында Роза Отунбаева эле. Кыскасы, ошондон бери эле сот болуп келатат. Ак-Түз айылында жайгашкан  “Георезерв” жана “Георесурс” компаниялары алтын кошулмасы бар кенди кайра иштетүү жана байытуу боюнча иш алып барат. “Георезервдин” ээси – “Ак түз” фабрикасы, ал эми “Георесурстун” төрт ээси бар. Булар биз фабриканы басып алгандай эле түр көрсөтүп келетат коомчулукка, андай эмес, алар басып алган. Учурда бул боюнча соттук териштирүү болууда”,-деди Э.Мусурманкулов.

 

Ал эми укук коргоочу Качкын Булатов соттук териштирүүдө кимдер тоскоол болуп жаткандардын аттарын атады. “Боромбаев сот процесстерине тоскоол кылып жатса, Тимур Пазылов менен Таалай Пазылов кылмыш иштеринин изин жаап жашырып келе жатат”,-деди укук коргоочу.

 

Ал аңгыча журналисттердин арасында отурган бир кыз: “Булар аферисттер, туура эмес маалымат беришүүдө”,-деп айтып чыкканда, Качкын Булатов: “бул кыз Тимур Пазыловдун карындашы турбайбы”,-деди. Ошентип чыр чыкты… Ал кызды жыйындан чыгарып салалы дегенде, ал тынч отуруп берем деп унчукпай отуруп калды.

 

Булак: Кыргызтудей