Мындай пикирин тармактык комитеттин жыйынында депутат Марат Аманкулов билдирди. 

 

Бүгүн  Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашты.

 

 «Маселен, Транспорт жана жолдор министрлиги оор жүк ташуучу унааларды көзөмөлдөө пункттарына төлөм терминалдарын орнотуусу кажет. Бул чара төлөм төлөөдөгү ачык-айкындуулукту камсыздоого көмөкчү болот»,- деди депутат.

 

Мындан сырткары, эл өкүлү Өкмөттү энергетика тармагындагы инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө чакырды.

 

«Парламент энергиянын кайра жаралуу булактары жөнүндө мыйзам кабыл алды. Бирок Өкмөт мыйзам алдындагы актыларды иштеп чыкмайынча аталган мыйзамдын аткарылышы мүмкүн эмес»,- дейт М.Аманкулов.

 

Сөзүнүн соӊунда депутат шаар куруу жаатындагы документерди: Башкы пландар жана курулуш ченемдери менен эрежелерин иштеп чыгуу боюнча долбоорлорду каржылоо зарылдыгын баса белгиледи.