Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улугбек Кочкоровдун айтымында, министрлик адамдарды мажбурлап иштетүү маселесинин жалпы саясатын жүргүзгөн менен, анын тармактары боюнча иш алпаруу милдети белгилүү бир мамлекеттик органга жүктөлгөн. Ошого карабастан, Россия менен Казакстандын аймагында документтери жок кулчулукта жүргөн кыргыз жарандары жөнүндө маалыматтар бар.

 

Бул тууралуу министр парламенттин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. 

 

Депутаттар Кыргызстанда адамдарды мажбурлап иштетүү жосуну канчалык жайылганына, алардын статистикалык маалыматтары баржогуна, эл аралык протоколду ратификациялоого эмнелер себеп болгонуна кызыгышты. «Мен кулчулукка каршымын. Бирок, бизде ошондой фактылар барбы? Жок болсо, биз аны ратификациялап эмне кылабыз? Аны ушундай фактылар орун алган өлкөлөр ратификациялай берсин да», - деди депутат Анвар Артыков.

 

Министр мында эки апта мурун Казакстандан документтерин алып коюп, мажбурлап иштетилип жүргөн 17 кыргыз жараны кайтарылганын билдирди. «Биз бул протоколду ратификациялоо менен, мажбурлап иштетүү жосундарына каршы күрөшүүгө милдеттенме алабыз. Мажбурлап иштетүү көмүскө да болушу мүмкүн, ошондуктан анын алдын алууга тийишпиз», - деди ал.

 

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстандын бул эл аралык конвенцияга кошулушу Евробирликке кирген өлкөлөр менен мамилени жакшыртып, кыргыз жарандарынын виза алуусун кыла жеңилдете турганын баса белгиледи.