Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев шаардык ишкер Хуфур Абдурахемандын уурдалып жана андан соң өлтүрүлүшү боюнча кеңешме өткөрдү.

 

Кеңешменин жүрүшүндө ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымдагандай, ишкер жоголгондугуна байланыштуу ички иштер органдары тарабынан бардык тиешелүү ыкчам-издөө чаралары көрүлүп, күбөлөр суралды. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында сегиз шектүү кармалып, учурда алар тергөө абагына киргизилген. Ошону менен бирге кылмышка тиешеси бар, анын ичинде ишкердин унаасын сатууга аракеттешкен жарандар аныкталды. Азыр биринчи алынган далилдерди бекемдөө иштери жүрүүдө.

 

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өзгөчө белгилегендей, издөө чараларынын комплексин ишке ашырууда «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык мүмкүндүгү маанилүү роль ойногон. Ал жоголгон ишкердин жана адам уурдоо жана өлтүрүүгө шектүү жарандардын изин тез аныктоого гана эмес, тергөө үчүн зарыл болгон маалыматтарды топтоого жана талдоого шарт түздү.

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, ишкердин  мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

 

«Жарандар,  анын ичинде чет өлкөлүк ишкерлер ишкердик менен эркин алектенүүсү үчүн мамлекет ишкерлерди коргоону өзүнүн маанилүү милдеттеринин бири катары көрөт. Милициянын уюшкан  иш-аракеттеринин жана «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык мүмкүндүктөрүнүн натыйжасында бул аёосуз жана мыкаачылык менен адам өлтүрүү фактысынын бети ыкчам ачылды. Ошону менен катар акыркы окуялар укук коргоо органдары ишкерликти колдоо боюнча тереңдетилген иштерди аткарууга тийиш экендигин даана күбөлөндүрүп турат. Бул өлкө экономикасы үчүн ишкерлер арасында колдоо тапкан Өкмөттүн бизнести коргоо боюнча демилгелеринен кем калбаган мааниге ээ», – деп баса көрсөттү ал.

 

Буга байланыштуу Өкмөт башчы адам өлтүрүүнү тергөө иштерин аяктап, бардык күнөөлүүлөрдү, анын ичинде «маалымат ташыгыч» ким экендигин аныктоону тапшырды.

 

«Иликтөөнүн жыйынтыгы менен коомчулукка чуулгандуу кылмыштын майда-баратына чейин маалымат берүү керек. Муну менен катар тийиштүү мамлекеттик органдар ишкерлерге каршы жасалган кылмыштарды алдын алуу үчүн профилактика жүргүзүүнү камсыз кылуу үчүн алдын алуучу комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу, баарынан биринчи жүргүзүлүп жаткан аналитикалык иштерге басым жасоо милдеттендирилет. Ошол эле учурда ишкерлерди, анын ичинен чет элдиктерди, дайыма мыйзамды карманууга жана маселелерди өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбөөгө, эгерде маселе жаралса, өмүрдү жана мүлктү сактоо үчүн милициячга кайрылууга чакырам», – деп кошумчалады Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.