Жаштар, дене тарбия жана спорт Мамлекеттик агенттигинин директору  Канатбек Арпачиев башында турган кыргыз альпинисттер тобу 20-октябрда Кыргыз тоо кыркаларындагы буга дейре ысым берилбеген чокуга чыгышты. Бул "Салык" мөңгүсүнө жакын, бийиктиги 4650 метр болгон жер. 

 

Аталган агенттиктен билдиришкендей  альпинисттер Кыргыз Республикасынын баатыры, саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата чокуга чыгышкан. Алар ал жерге Турдакун Усубалиевдин ысымы жазылган тактай орнотушту. Эми бул чокунун ысымы бар. 

 

Альпинисттер тобу: 

Арпачиев Канатбек Макенович – Жаштар, дене табия жана спорт Мамлекеттик агенттигинин жетекчи орун басары;
Михаил Даничкин – альпинист;
Андрей Алинов – альпинист;
Виктор Филинов – альпинист;
Асель Байбагышева – врач.