Пациенттер учурда өкмөттүн жаңы токтомунун негизинде 4 миң 700 сом төлөп гемодиализ каражатын алып жатышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин гемодиализдин кошумча сеанстарын алуу зарылчылдыгындагы маселелерди чечүү боюнча кеңешмесинде белгилүү болду. 

 

Анда айтылгандай 4 миң 700 сомду мамлекет төлөп берет. Андан тышкары оорулуулар гемодиализди алуу үчүн каалаган медициналык мекемелерди тандап алышат. Ошондой эле пациенттерде 13 же 14 кошумча сеанстарды алууда маселе жаралбайт. 

 

"Бюджеттик диализге жаңы эрежеге ылайык 152 адам которулду жана 550 сом кошумча төлөм алынып салынды. Кошумча сеанстардын маселеси да жакында чечилет", - деди министр Чолпонбаев.