"Мадина" кафесинин ээсинин өлүмүнө шектүүлөр СИЗО-1ге которулганын жана тийиштүү чечим Свердлов райондук соту тарабынан кабыл алынганын укук коргоо кызматынан билдиришти. 

 

Иш боюнча төрт шектүү кармалган, анын экөө мурдагы милиция кызматкерлери. Жалпысынан бул иш боюнча сегиз адамдын катыштыгы бардыгы айтылууда. Маркумдун автоунаасын шектүүлөр башка өңгө боеп, Кыргызстандан алып чыгуу амалын жасашкан. Бирок көзөмөл-өткөрүү пунктунан автоунаа кармалган. 

 

Эске салсак Бишкектеги "Мадина" базарындагы "Мадина" кафесинин ээси, жеке ишкер Хуфур Абдурехманов 4-октябрда кечинде жумуштан өзүнүн автоунаасы менен чыгып кеткен бойдон дайылсыз жоголгон. Анын жакындары милицияга арыз менен кайрылышкан. Бир нече күндөн кийин Абдурехмановдун сөөгү Кочкор айылынын четинен табылган.