Жайы салкын, кышы катаал Суусамыр өрөөнүндө эли-жери үчүн кызмат өтөп келе жаткан тартип сакчылары тууралуу баяныбызды улантабыз. Анда эмесе, кезектеги каарманыбыз менен таанышып алыңыздар: Жайыл РИИБине караштуу Суусамыр айылдык милиция бөлүмүнүн Жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Кабаев Айбек Чапыраштиевич.

 

 

…Шарты катаал бул өрөөндө кыш узак жана абдан суук, жайы кыска жана салкын болорун бул аймакта жашаган жана кабары бар адамдар билет болушу керек. Сентябрь айынын башында жалпы өлкө боюнча жамгыр жаап, суук болору метеорология кызматы тарабынан кабарланганы, борбор калаабызда катуу ысыктан кийин кескин күн сууганы али эсибизден чыга элек. Айтайын дегеним,  окурман, дал ошол күндөрү биз сөз кылып жаткан Суусамыр өрөөнүндө кар (!) жаап, суук болуп жатканынан  жогоруда аталган милиция бөлүмүнүн кызматкеринен уккан жайым бар. Мунун баарын айткан себебим: мына ошол катаал шартта кабагым-кашым дебей, күнү-түнү элинин коопсуздугун камсыздап келе жаткан кызматкерлердин эмгеги чоң экенин белгилегим келгени…

 

АЙТЫЛУУ КОЖОМКУЛ БАЛБАНДЫН УРПАГЫ…

 

…Каарманыбыз Айбек Кабаев Суусамыр айылдык милиция бөлүмүндө жаш өспүрүмдөр менен иштөө боюнча иш алып барат. Айтылуу Каба уулу Кожомкул балбандын урпактарынан болот. Өзү ушул абасы таза, суусу тунук өрөөндүн жолдорунун чаңын ызгытып жүгүрүп, ат жалында ойноп чоңойгон жигит. Орто мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, өзү курактуулар менен бирге аскердик милдетин өтөөгө аттанат. Аскерден кийин туулган жерине келип, айыл чарбасында эмгектене баштайт. Андан кийин  шаарда жашап, түрдүү кызматтарда иштеп жүрөт. Милиция болууну эңсеген балалык кыялы түрткү болдубу же тааныштарынын «милицияга кирип иштебейсиңби»деген сунушу таасирленткенби, айтор, биздин жигит  ички иштер органдарындагы эмгек жолун 2008-жылы баштап, Суусамыр айылдык милиция бөлүмүнө айдоочу болуп орношот. Үйдөгүлөр анын чечимин колдоп: «Мейли иштегин, мурунтан эле милиция болом дечү элең..» деп баталарын беришиптир.

 

 Иштеп жүрүп бул багытта атайын билим керек экендигине көзү жеткен Айбек 2010-жылы Бишкектеги милициянын атайын орто мектебине тапшырат. Тажрыйбалуу окутуучулардан сабак алып, милиция деген эмне дегенден баштап, ал кызматтын ийне-жибине чейин окуп үйрөнөт. Аталган окуу жайды бүтүргөндөн кийин Жайыл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына тескөөчү болуп дайындалат.

 

“МИЛДЕТТИ АТКАРУУГА КЫШТЫН СУУГУ ТААСИР ЭТЕ АЛБАЙТ…”

 

2014-жылы  А.Кабаевди жетекчилик Суусамыр айылдык милиция бөлүмүнө аймактык тескөөчү кызматына дайындап, иштөөнүн жол-жобосун айтып жөнөтүшөт. «Канткен менен өз элиң, өз жериң эмеспи, жакшылап иштеп бер» дешет. Чоң жоопкерчиликти мойнуна алганын сезген биздин каарманыбыз ак ниет кызмат өтөөрүн убадалап,  туулган айылына аттанат дейт…

 

Эл менен эң жакындан мамиле түзүп, анын жылуу сөзүн, алкышын, кээде ачуу тилин уккан да ушул милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү эмеспи. Мына ушул кесиптештерибиздин жеринде аткарган ишине, элге жасаган мамилесине, жүрүш-турушуна карап эл жалпы милицияга баа берет. Мына ушул милдетти аркалаган милициянын ага лейтенанты Айбек Кабаев беш жыл бою элдин жардамчысы, жакын адамы болуп эмгектениптир. «Өзүбүз ушул жердин кулуну болгон үчүнбү, бул өрөөндүн катаал шартына көнүп калганбыз,-дейт сөз арасында каарманым,-кышкысын чынында бизде абдан кыйын эле болот. Кыш алты айга созулуп, күн абдан суук. Бирок, жашоо деген токтоп турбайт экен. Жаан-чачынга, катуу суукка  карабай чакыруулар түшөт. Бул жагы Ала-Белге чейин, ары жагы Жумгалга чейин биз тейлеген аймакка кирет. Кайсыл жерден кандай чакыруу түшпөсүн, биздин милдет - ал жерге баруубуз керек. Автоунаа жүрбөй калган жерде атчан, ат жүрбөй калса жөө дегендей, белгиленген жерге жетип, милдетибизди аркалап келебиз…»

 

КЫЗМАТ, МИЛДЕТ, АБИЙИР. АНАН ГАНА ТУУГАНДАР…

 

Андан ары маектешим экөөбүз эл менен милициянын ортосундагы ишеним, мамиле тууралуу кеп кылдык. Иштеп жүрүп эл менен мамиле түзүүнүн сырларын үйрөнгөнүн айткан Айбек мырза, кимге кандай мамиле жасаш керектигин кеп башында эле билип аларын кошумчалайт. Кеп арасында өз элиңде, туугандар арасында иштеш кандай болорун маектешимден сурап калдым. «Кыйын эле, бир эл болгондон кийин бардык жагынан ага-тууган болуп кетебиз,-деди бул тууралуу жооп кайтарган каарманым,- ишти туура, мыйзам чегинде чечип берсең да бири туура түшүнсө, бири таарынат. Ар кандай сөздөр кетет, нааразычылыктар көп болот. Ата-энеме келип  кээ бирөөлөр: «Балаң минтип койду» деп таарынса, айрымдары: «Уулуңар азамат экен!» дешет. Албетте, иш бар жерде өйдө-ылдый болот, анын баарына көнүп калдык. Негизгиси өз милдетибизди так аткарсак болду..»

 

“МЕНИ КӨЗДӨЙ ИТИН АЙДАКТАГАН УЧУРлар да БОЛГОН…”

 

Эл менен тыгыз иштеген кызматкерлердин баарынын басып өткөн жолунда түрдүү кырдаалдар кезигери, ал учурларды чогултсак бир китепке айланары турмуш чындыгы. Айбектин  милициядагы жашоосу да андай учурларга абдан бай. Кайсыл бирин айтышты билбей жатканын айткан Кабаев, 2015-жылдын күз айындагы бир окуяга токтолду. Эки коңшу урушуп жатат деген чакыруу түшүп барса, биринчи кишинин  огородуна коңшусунун минип жүргөн аты кирип кетиптир дейт. «Сен айдабайсың, байлабайсың!» деп коңшусу чырдаса, экинчиси да каяша айтыптыр. «Күнөөлүү делген киши менен сүйлөшүп атып, анын ичимдик ичкенин байкап калдым. Олтуруп кагаз жазып атсам ал кишинин 80 жаштардагы апасы: «баламды бул милиция кармап кетет экен» деп ойлоп, мени көздөй итин айдактап кирсе болобу! Кой десем да болбойт. Бир канча талашып-тартышуудан кийин ал эки чырдашкан коңшуларды жараштырып коюп кеткеним эсимде. Андан сырткары   дагы бир чакырууда бир мас жигит  артыман келип бычак сайып, анын мизи кийген бушлатымды  айрып кеткен учур болгон. Бактыга жараша мен жаракат алган эмесмин »,-дейт  өткөн учурларды эскерген А.Кабаев…

 

Андан аркы маегибизде Суусамыр элинин өз милициясына болгон мамилеси жакшы экенин белгилеген милициянын ага лейтенанты, бөлүмдүн кызматкерлери да колдон келишинче элге жардамын аябай келишерин кошумчалады. Бөлүмдүн ичинде «бул иш меники, мунусу сеники» деп бөлүп-жаруу жок, чогуу-чаран иш алып барышарын айткан А.Кабаев, ар бир кызматкер  өз кызматынан сырткары башка кызматтын да сырларын так билерин белгилеп кетти.

 

Ы.Сагымбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити